Алайда балык уулоого барган 45 жаштагы киши ток уруп каза болду

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку чыңалуу тосмо плитасы. Архив
Жогорку чыңалуу тосмо плитасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маркум бир тууганы жана кошунасы менен балык уулоо үчүн Кара-Суу районунун Шарк айылынан Алайдагы Кызыл-Суу дарыясына барган.

ОШ, 2-июн. – Sputnik. Ош облусунун Алай районундагы Коңур-Дөбө айыл өкмөтүндө Кызыл-Суу дарыясына балык кармоо үчүн барган 45 жаштагы киши ток уруп каза болду. Маалыматты Облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев тастыктады.

Анын айтымында, окуя 1-июнь күнү саат 18:30дар чамасында болгон.

Унаа жол кырсыктан кийин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түндө Кубакы ашуусундагы автокырсыктан бир аял каза тапты
Балык уулоого баргандар ага-ини жана алардын кошунасы экени айтылды.

Маркум кайырмагын суудан алып чыгуу үчүн катуу тартканда жогорку чыңалуудагы электр чубалгысына тийип кеткен. Чубалгы үзүлүп, кайырмак суу болгондуктан аны кармап турган кишини ток уруп, ал окуя болгон жерде каза болгон.

Жакындары аны соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартып, сөөктү алып кетишкен. Бирок сөөккө сырттан гана байкоо жүргүзүлгөн. Натыйжада ал токко урунуп, жүрөгү ошол замат токтоп калгандыгы аныкталган.

Бул факты райондук милиция тарабынан кокустук катары катталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0