Айланма жолдо кырсыктаган кичи автобус талкаланып калды. Видео

© Sputnik / Жоомарт УраимовЖүк фуранын сынган фарасы. Иллюстративдик сүрөт
Жүк фуранын сынган фарасы. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсыктаган автоунаа каттамдагы автобус болбогондуктан, жүргүнчүсүз кетип бара жаткандыгын айтышты.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт айланма жолунда кырсыктаган кичи автобус трассадан катуу күү менен чыгып кетип, айдоочу жабыркаган. Бул маалыматты Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Крупное ДТП в Канте - Sputnik Кыргызстан
Тамтыгы калбай калыптыр! Кантта кагышкан үч автоунаанын видеосу
Окуя бүгүн чак түштө трассанын 98-чакырымында болгон. Ичинде айдоочудан башка эч ким болгон эмес. Анын Бишкекке келе жаткандыгы айтылды.

Автоунаанын трассадан бир нече метр алыстыкта талаада жаткан видеосу "Короче" Телеграм каналына жарыяланды. Кадрдан автокөлүктүн кузовунун бир топ жерлери майышып калганын көрүүгө болот.

Аталган башкармалыктан ал каттамдагы автобус болбогондуктан, жүргүнчүсүз кетип бара жаткандыгын айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0