Көмүр ташыган автоунаа минивэн менен кагышып, оодарылып калды. Видео

CC BY 2.0 / Tony Webster / Cracked WindshieldУнаанын сынган лобовой айнеги. Архив
Унаанын сынган лобовой айнеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык бүгүн Бишкек — Чалдовар жолунун 74-чакырымында (Панфилов айылы) саат 11:00дө болду. Жабыркагандар бар.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Чүй облусунда көмүр алып бара жаткан ГАЗ-53 үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаа Honda Odissey менен сүзүшкөн соң оодарылып кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстандын кабарчысына аймактык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Кырсык Бишкек — Чалдовар жолунун 74-чакырымында (Панфилов айылы) саат 11:00дө болду.

Окуя болгон жерде тартылган видео "Короче" Telegram каналына жүктөлдү.

Кардрларда оодарылып калган автоунаадан төгүлгөн көмүрдү башка жүк ташуучу машинага салып жатканын көрүүгө болот.

ЖКККБдан билдиришкендей, Honda автоунаасындагы үч киши жабыркаган. Инспекторлор кырсыктын себептерин тактап жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0