Түндө Кубакы ашуусундагы автокырсыктан бир аял каза тапты

© Sputnik / Павел Львов / Медиабанкка өтүүУнаа жол кырсыктан кийин. Архив
Унаа жол кырсыктан кийин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Куткаруучулар барып, маркумдун сөөгүн автоунаадан алып чыгып Тез жардам кызматкерлерине  жарадарлар менен кошуп өткөрүп беришкен.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Түндө Кочкор районундагы Кубакы ашуусунда Mercedes-Benz S211 жана Toyota Highlander үлгүлөрүндөгү автоунаалар кагышып, бир аял каза тапты. Бул туурасында ӨКМден кабарлашты.

Медицина кызматкерлери менен ӨКМ куткаруучулары Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 175-чакырымына барып, жардам көрсөткөн.

"Кырсыктын кесепетинен 5 адам жарадар болуп, бир аял киши каза тапкан. Куткаруучулар барып, маркумдун сөөгүн автоунаадан алып чыгып Тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен", — деп айтылат маалыматта.

Жол кырсыктары акыркы күндөрү кайрадан көп каттала баштады. Жакында эле Бишкек-Ош жолунун 219-чакырымында автокөлүк белден ойдуңду көздөй 15-20 метр аралыкка кулаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0