Жалал-Абаддагы депутаттын агасын атууга шектелген киши кармалды

© Фото / пресс-службе УВД Джалал-Абадской областиЖалал-Абад шаардык кеңештин депутаты, спортчу Нурбек Акановдун бир тууган агасын атууга шектелген киши кармалды
Жалал-Абад шаардык кеңештин депутаты, спортчу Нурбек Акановдун бир тууган агасын атууга шектелген киши кармалды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектүү Базар-Коргон районунун аймагында из жашырып жүргөн жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Жалал-Абад шаардык кеңештин депутаты, спортчу Нурбек Акановдун бир тууган агасын атууга шектелген киши кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Нурдин Жээнтаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

© Фото / пресс-службе УВД Джалал-Абадской областиЖалал-Абад шаардык кеңештин депутаты, спортчу Нурбек Акановдун бир тууган агасын атууга шектелген киши кармалды
Жалал-Абаддагы депутаттын агасын атууга шектелген киши кармалды - Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абад шаардык кеңештин депутаты, спортчу Нурбек Акановдун бир тууган агасын атууга шектелген киши кармалды

Буга чейин белгисиз эки адам 26-май күнү кечинде Жалал-Абаддын Манас көчөсүндө алыш күрөшү боюнча Азия чемпиону жана Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутатынын бир тууганына ок чыгарганы кабарланган.

“30-майда Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун тургуну 25 жаштагы К.у.Ж. аттуу жашоочусу шектелип колго түшүрүлдү”, - деп айткан Жээнтаев.

Шектүүнү Жалал-Абад шаардык милициясы жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Базар-Коргон районунун аймагында из жашырып жүргөн жеринен кармаган.

Жээнтаев ал адамдын буга чейин соттолгонун кошумчалады.

Шектүү учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0