Ошто индиялык студент сууга агып кетип каза болду. Анын мас экени айтылууда

Жазылуу
Индиялык студент Оштогу медициналык окуу жайда 3-курста билим алчу. Анын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн экспертиза дайындалды.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Ош шаарында Ак-Буура дарыясына агып кеткен индиялык студенттин сөөгү табылды. Бул тууралуу Шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Абсатар Тавакалов билдирди.

Ысык-Көл. Архив - Sputnik Кыргызстан
Достору менен эс алып жүргөн. Ысык-Көлдө 36 жаштагы киши сууга чөгүп кетти
Анын айтымында, четөлкөлүк студент дарыяга 29-майга караган түнү саат 3:00дөр чамасында агып кеткен. Издөө иштеринен кийин студенттин сөөгү эртең мененки саат 9:30да Абсамат Масалиев атындагы эстеликтин тушунан табылган.

Четөлкөлүк жарандын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн экспертиза дайындалды.

Күбөлөрдүн айтымында, индиялык студент сууга мас абалында түшкөн. Ал медициналык окуу жайда 3-курста окуп, Ош шаарынын Исанов көчөсүндөгү батирде жашап келгени маалым болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0