Кылмыштуу топтун мүчөсү "Казак" кыз зордуктап 10 жылга кесилди

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүТергөө изоляторунун туткуну. Архив
Тергөө изоляторунун туткуну. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кылмыштуу топтун 38 жаштагы бул мүчөсү боюнча арыз былтыр түшүп, анда 16 жаштагы кызды зордуктоого шектелгени айтылды.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Ош шаардык сотунун чечими менен 26-май күнү "Казак" каймана аты менен таанылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү М. у М. 10 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Ош облустук сотунун маалымат катчысы Бекзат Осмонкулов билдирди.

Соттун чечимине ылайык, ал Жазык кодексинин 161-беренеси ("Жашы жете электигин билип туруп зордуктоо") боюнча күнөөлүү деп табылган. Үй камагы боюнча бөгөт чарасы өзгөртүлүп камакка алынган.

"Уюшкан кылмыштуу топтун "Казак" каймана аттуу мүчөсү боюнча арыз былтыр түшкөн. Ал 16 жаштагы кызды күч колдонуп, зордуктаганга шектелген", — деп айтылат маалыматта.

Видео задержания членов ОПГ в Кыргызстане — 9 человек поймали в одной квартире - Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абадда кылмыштуу топтун мүчөлөрү тобу менен кармалды. Видео
Мындан сырткары, ал былтыр күзүндө эс алуу жайында башка бирөөлөр менен чактакташа кетип, денесине залал келтиргенин айтышты.

"38 жаштагы ал адам Ош шаарындагы түнкү эс алуу борборунда 23 жаштагы жаран менен сөз талаша кетип, миздүү нерсе менен желкесине жана оң каруусуна сайып, денесине залал келтиргендиги үчүн былтыр 9-октябрда кармалган эле", — дешти маалымат кызматтан.

Буга чейин Жалал-Абал облустук милициясы да уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0