Коронавирустан кечээтен бери дагы бир адам каза болду

© REUTERS / STEPHANE MAHEСитуация в Франции из-за пандемии коронавируса
Ситуация в Франции из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биринчиси коомдук ишмер, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Мукар Чолпонбаев, экинчиси Жайыл районунун 67 жаштагы тургуну.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Өткөн суткада коронавирус жуктуруп алган дагы бир киши каза болду. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Биринчиси коомдук ишмер, экс-спикер Мукар Чолпонбаев, экинчиси Жайыл районунун 67 жаштагы тургуну.

Кечээ, 24-май күнү, түштөн кийин Республикалык жугуштуу илдеттер клиникалык ооруканасында 70 жашында Жогорку Кеңештин экс-төрагасы, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев коронавирус инфекциясынан кайтыш болгону кабарланган эле. 
Ал эми экинчи бейтап Жайыл аймактык ооруканасынын инфекциялык бөлүмүндө каза болду.

Өлкөдөгү абал тууралуу Sputnik Кыргызстан тексттик баяндама жүргүзүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0