Бишкекте автоунаа аласалып кетип, беш киши жабыркады. Видео

© Sputnik / Табылды КадырбековЖол кырсыгы болгон жерде жол белгиси. Архив
Жол кырсыгы болгон жерде жол белгиси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык 24-майда Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде болду. Эки жолтандабас кагышып, беш киши жабыркады.

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Бүгүн, 24-майда, саат 8:30дар чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы болду. Бул тууралуу Кайгуул милициясынын башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жолтандабас (болжол менен Land Cruiser 200) менен Opel автоунаасы кагышкан. Жыйынтыгында беш адам жабыркап, бардыгы ооруканага жеткирилди. Кырсыктын себептери такталууда.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Oppa (@oppa_kg)

Оppa_kg Instagram-аккаунту кырсык болгон жерден тартылган видеону жүктөдү. Анда көрүнүп тургандай, Land Cruiser 200 автоунаасы эвакуаторго жүктөлүп турат. Ал эми экинчи машина аласалып кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0