Ысык-Көлдө 4,5 баллдык жер титирөө катталды

© AFP / TED ALJIBEСейсмограф аппаратынын көрсөткүчү. Архив
Сейсмограф аппаратынын көрсөткүчү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор болбогонун белгиледи. Силкинүү Каракол шаарында, Жети-Өгүз, Түп жана Ак-Суу райондорунда сезилген.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Ысык-Көл облусунун аймагында бүгүн кечинде очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө болгонун Сейсмология институтуна таянуу менен ӨКМ билдирди.

Маалыматта силкинүү саат 21.22де катталганы айтылат. Жер титирөө Каракол шаарында, Жети-Өгүз районунун Дархан, Оргочор, Кабак, Богатыровка, Мундуз, Ак-Дөбө, Тилекмат, Кызыл-Суу, Жети-Өгүз айылдарында, Түп районунун Михайловка, Тогуз-Булак айылдарында 4 балл болуп сезилген. Мындан тышкары Ак-Суу районунун Бөрү-Баш, Теплоключенка, Маман, Тегизчил, Нововознесеновка айылдарында күчү үч баллга жеткени белгилүү болду.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0