Дубал сүздүрүп... Ошто келинине кол көтөргөн кайнене сот жообуна тартылды

© Фото / Pixabay / Marcello MigliosiКыз бетин жабып отурат. Иллюстративдик сүрөт
Кыз бетин жабып отурат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фемида өкүлдөрү мурда-кийин соттолбогон беш баланын энесин 50 саатка коомдук жумушка тартуу чечимин кабыл алды.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. 49 жаштагы аял келинине кол көтөрүп сот жоопкерчилигине тартылды. Бул тууралуу Жогорку соттун расмий сайтында жарыяланды.

Муштум. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абад: клубда кишини өлтүрө сабады деп шектелип, кикбоксчу изделип жатат
Өкүмгө ылайык, окуя Ош облусундагы айылдардын биринде болгон. Анда жабырлануучу маркум кайнатасына куран окутканы айылга барып, кайненеси менен уруша кеткен. Маалыматта жесир аял келинин "үйдөн чыгып кет" деп жулмалап дубал сүздүрүп, ден соолугуна зыян келтиргени айтылат.

Териштирүү маалында айыпталуучу ага карата кол көтөрбөгөндүгүн жана жөн гана "сен 15 жылдан бери келбей эмне келип калдың" деп кайрылгандыгын айткан.

Сот мурда-кийин соттолбогон беш баланын энесин 50 саатка коомдук жумушка тартуу чечимин кабыл алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0