08:23 06 Кулжа 2020
Түз эфир
  • USD74.2343
  • EUR84.1186
  • RUB1.0816
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
150 0 0

Бир суткада Нарын облусу боюнча сегиз кишиден вирус аныкталган. Анын алтоо агенттиктин өкүлүнөн чыгып, учурда дарыланып жатат.

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Нарын шаарында Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алты кызматкеринен коронавирус чыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин брифингдеги айтканына тактоо киргизип билдирди.

Белгилей кетсек, министрликтин өкүлү вируска Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү кабылганын айткан болчу.

Маалыматка ылайык, бир суткада Нарын облусу боюнча сегиз кишиден вирус аныкталган. Анын алтоо Жер ресурсу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кадастр" мекемесинин аймактык бөлүмүнүн өкүлдөрү болуп чыкты. Учурда дарыланып жатышат.

Эске сала кетсек, буга чейин Нарын шаарынын жетекчилигинен коронавирус аныкталгандыктан, мэрия имараты 72 саатка жабылган.

Кыргызстанда коронавирус 1313 кишиден табылса, анын 929у айыгып, 14ү каза болду.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Ушу тапта өлкө аймагында абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот

Тема боюнча

Өлкөдө коронавирус жуктурган 270 медиктин 223ү айыгып чыкты
Нарын: бүлөсү менен COVID-19га кабылган медик, милиционерлер көбөйдү. Чоо-жайы
Нарын: коронавирус аныкталган төрөт үйүндө дарыгерлер жетишсиз болууда
Белгилер:
коронавирус, кызматкер, Мамлекеттик каттоо кызматы, Нарын

ЭҢ МААНИЛҮҮ