“Ганси” обсервациясында жаткандар чуу чыгарып, медиктерге кол салганы айтылды

© © фото очевидца, отправленное по Telegram-каналуИнцидент в обсервации на территории бывшей американской авиабазы "Ганси"
Инцидент в обсервации на территории бывшей американской авиабазы Ганси - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саламаттык сактоо министрлиги учурда обсервациядагы жарандар эмнеге нааразы экенин тактап жатат. 

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Чүй облусундагы (“Манас” аэропортунун жака-белинде) “Ганси” обсервациясында жаткан бир топ адам чогулуп жаңжал чыгарды.

Окуя болгон жерден тартылган видео "Короче" Telegram каналына жарыяланды.

Обсервацияда жаткандардын биринин айтымында, чуу чыгаргандар дарыгерлерди Соль-Илецкиден (Россия) келген жарандардан коронавирус чыкканына карабай, алар менен кошо келгендерди үйүнө чыгарып жиберген деп айыптап жатышат. Мындан улам башкаларын дагы коё берүүнү талап кылышууда.

Кадрдан бир нече киши чогулуп, башкаларды дагы сыртка чыгууга чакырып жүргөнүн көрүүгө болот. Милиция кызматкерлери аларды кайтарып жүрөт.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы окуянын чоо-жайын териштирүү үчүн ведомствонун өкүлдөрү кетишкенин билдирди.

“Ал жайда жаткан жарандар өзүн агрессивдүү алып жүрүшөт. Дарыгерлерге кол салган фактылар да катталды. Тез жардам кызматынын өкүлдөрү дагы жабыркады, медиктердин кийимдерин айрып, Тез жардам унаасын оодарууга да аракет кылышты. Министрликтин өкүлдөрү ал жакка чыгып кетти”, — деп айтылат маалыматта.

Бүгүн брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев чет өлкөдөн келген жарандар санитардык эрежелерди сактабагандыктан ооруну жуктуруп алып жатканын билдирген. Буга чейин дагы Соль-Илецкиден келгендер жаңжал салып, обсервациядан качууга аракет кылганы кабарланган. 

Белгилей кетсек, учурда Соль-Илецкиден алып келинген 541 мигранттын 101инен коронавирус аныкталды.

Коронавирустун кесепети

Россиядагы мигранттар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Элчилик: Соль-Илецкидеги кыргызстандыктар лагерге барбагандыктан чатыр тигип бердик
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 1216 болду. Анын ичинен 827си айыгып, 14 киши каза тапкан.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Ушу тапта өлкө аймагында абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0