Бишкектеги паркта милиционер асманга ок чыгарды. Окуянын видеосу жана чоо-жайы

Жазылуу
Милиция адамдар эскертүүнү укпай, жаңжал чыгарып инспектордун куралын тартып алууга аракет кылганын айтууда.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Бишкек шаардык милициянын маалымат кызматы Чолпонбай Түлөбердиев атындагы паркта милиционердин асманга ок чыгарышы боюнча билдирүү таратты.

Анда кечээ, 17-майда, саат 21.30да Биринчи Май РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө белгисиз адамдар милиция кызматкерине кол салууга аракет кылганы тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барган.

"Алдын ала алынган маалымат боюнча, Кайгуул милициянын инспектору, улук сержант К.Б. Чолпонбай Түлөбердиев атындагы паркта адамдардын көп чогулганын байкаган. Алар карантин маалында санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактабай, кечинде коомдук жайда топтолуп коронавирус инфекциясынын жайылып кетүү коркунучун жараткан. Милициянын парктан чыгып кетүүгө берген эскертүүсүнө агрессивдүү жооп кайтарып, жаңжал чыгарышкан. Аны менен катар табелдик куралын тартып алууга аракет кылышкан", — деп айтылат маалыматта.

Случаи нападения на сотрудников патрульной милиции - Sputnik Кыргызстан
Ошто милиционерди капотунда сүйрөп кеткен аялды ок чыгарып токтотушту
Бишкек ШИИБи түзүлгөн кырдаалга байланыштуу инспектор К.Б. "КРдин ички иштер органы жөнүндөгү" мыйзамдын 15-беренесине ылайык эскертүү огун асманга атканын белгилейт. Ошондон кийин белгисиз адамдар артка кайткан.

Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 266-беренеси ("Бейбаштык") менен сотко чейинки өндүрүш ачылды. Ишти Биринчи Май райондук милициянын тергөөчүлөрү алып барат.

Жаңылыктар түрмөгү
0