Базар-Коргондогу ээ-жаа бербей жолду каптаган суунун видеосу

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүСуу каптаган жолдо бараткан унаа. Архив
Суу каптаган жолдо бараткан унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Видеодон автокөлүктөрдүн токтоп турганын, бир катарын айдоочулар түртүп жол жээгине чыгарып жаткандыгын көрүүгө болот.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Бишкек — Ош жолунун Жалал-Абад менен өткөн аймагынан жээктеги арыктан ашкан суу трассаны каптаган. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Суунун жайылып, ээ-жай бербей агып жатканы видеосу "Короче" Telegram каналына жарыяланган.

Сель сошел на улицу города Исфана в Кыргызстане — видео с места событий - Sputnik Кыргызстан
Көчөдө суу шаркырап... Исфана шаарында сел жүрүп кетти. Видео
Окуяга күбө болгон адам селден улам жол кыймылы токтоп, автоунаалар жүрбөй калгандыгын айткан. Ал эми видеодон автокөлүктөрдүн токтоп турганын, бир катарын түртүп жол жээгине чыгарып жатышканын көрүүгө болот.

Суу 16-май күнү саат 17:20лар чамасында Сузак району менен Базар-Коргон районунун чектешкен Беш-Капа айылын аралап өткөн жолго жайылган.

ӨКМден суу каптоодон адам өмүрүнө жана материалдык зыян келтирилбегенин билдиришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0