Бишкекте ымыркай өлүү төрөлдү. Кош бойлуу аялды төрөтканалар кабыл албай койгон

© AFP / ULISES RUIZКош бойлуу аял. Архив
Кош бойлуу аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрликтен билдиришкендей, буга чейин кош бойлуу аялды кабыл алуудан бир нече төрөткана баш тарткандыгы тууралуу видео тарап, ал боюнча ведомство кызматтык иликтөө жүргүзгөн.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Бишкекте көз жаруу үчүн келген аялды кабыл алуудан баш тарткан төрөт үйлөрүнүн бир катар жетекчилери жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин кош бойлуу аялды кабыл алуудан бир нече төрөткана баш тарткандыгы тууралуу видео тарап, ал боюнча ведомство кызматтык иликтөө жүргүзгөн.

"Факты жарым-жартылай тастыкталды. Жыйынтыгында Бишкек шаардык перинаталдык борбор, №1 төрөт үйү, Шаардык гинекологиялык оорукана жана №13 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчилерине дисциплинардык жаза чарасы көрүлмөй болду”, — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, бир нече күн мурда Саламаттыкты сактоо министрлигинин брифингинде 38 жаштагы  келин Шаардык перинаталдык борбордо экени, дарыгерлер төрөтүн кабыл алганы айтылган. Бирок ымыркай өлүү төрөлүп калгандыктан, буга ким күнөөлүү экени аныкталып жатканын билдиришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0