Жорж Клунинин фонду Оштогу соттолгон аялдын укугу үчүн күрөшүүдө

© © Sputnik  / Медиабанкка өтүүТемир тор артындагы аял. Архив
Темир тор артындагы аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фонддун докладында соттук иштер эл аралык укуктардын бузулушу менен жүргөнү жана бул кемчилик иштин жыйынтыгында аялдын өзүнө бир топ зыян келтирилгени айтылган.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Голливуд актёру Жорж Клуни жана анын аялы Амаль түптөгөн адилеттүүлүк үчүн күрөшкөн фонд Ош облусунда үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган Гүлжан Пасанованы коргоп чыкты. Аял күйөөсүнүн өмүрүнө кол салып, анын кесепетинен эркек киши каза болуп калган деп айтылган.

Бул иш боюнча доклад аталган уюмдун сайтына илинген. Анда Ош облустук сотуна берген сунуштар менен да коштолгон.

...Оштун 29 жаштагы тургуну 46 жаштагы күйөөсүнүн ден соолугуна оор залал келтирип, анын айынан каза болуп калганы үчүн күнөөлүү деп табылган. Келин ал киши менен 7 жыл никеде жашап, эки өспүрүм баланын өгөй энеси болгон. Сотко берилген далилдерде аял көп учурда ичип алган күйөөсүнүн психологиялык жана уруп соккон зомбулугуна кабылганы айтылат.

Балта. Архив - Sputnik Кыргызстан
Балта менен коркутуп аялыма арак алдырайын дегем... Марттагы соттук өкүмдөр
2017-жылы күйөөсү Гүлжанды катуу сабап салгандыктан, эсин жоготуп, ооруканага жатып чыккан. Пасанованы күйөөсүн өлтүрдү деген шек менен камап, медициналык текшерүүгө алганда аялдын денесинен көгала болгон, кан уюп калган тактарды, колунун манжасынан чоң тырыкты байкашкан.

Сотто аял күйөөсүнүн токмогунан жабыркап ооруканага жатып, бирок анын опузасынан коркуп, жыгылып кеттим деп калп айтканга аргасыз болгонун баяндаган.

Күйөөсү өлгөн ошол күндөгү чырга аялдын "бир нече күн мурда ишке автоунаада эки эркек менен кошо келгениңди көрдүм" деген кинеси себеп болгон. Маркум Гүлжан анын көзүнө чөп салат деп ойлоп, бетке чаап, мобилдик телефонун алып койгон.

"2019-жылдын 19-ноябрында жолдошу үйгө кечки 10:00дө келген. Мас болгондуктан Гүлжанды башка эркек менен мамилең бар деп күнөөлөй баштаган. Экөө кер-мур айтыша кетип, күйөөсү ашкана бычагын аны көздөй шилтеп калганда, тийбей калган. Чыр ырбап, Гүлжанды башка бир койгон. Аял балконго качып чыкканда, күйөөсүнүн өлтүрөм деп кыйкырып келе жатканын уккан. Дагы токмок жегенден корккон Гүлжан ремонт иштерин жасайбыз деп даярдап койгон арматураны алып бөлмөгө кирген да, эркекти жыгылып калгыча бир нече ирет башка урган. Сотто Гүлжан аны өлтүрөм деген ниети болбогондугун, бирок аны башка чапкандан кийин жаалы келип, токтоно албай калгандыгын айтып берген", — деп баяндалат документте.

Андан соң аял жолдошун тургузууга аракеттенип, бирок ал эс-учун жоготкон тейде жаткандыгын айтып берген. Коңшусуна (кайнагасына) чуркап барып, экөөлөп Тез жардам чакырган. Ош облустук ооруканасынан бир нече сааттан кийин кишинин каза болуп калгандыгын билдиришкен.

Кары аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкек: сот мугалимди сабактан күч менен сүйрөп чыккан аял боюнча чечим чыгарды
Гүлжан Пасанованы күйөөсүн акыркы сапарга узатып жатканда камакка алышкан. Ага "Байкабастыктан өлүмгө дуушар кылуу, саламаттыкка оор залал келтирүү" беренелери менен күнөө тагылган.

Документте Клуни фондунун байкоочусу бардык сот отурумдарына, бул иш боюнча Ош шаардык сот 2020-жылдын 5-мартына чейин, өкүм чыгарганга чейин катышкандыгы айтылат.

Байкоочунун айтымына караганда, Пасановага каршы сот процесси адилеттүү соттук териштирүүлөрдү олуттуу бузуу менен коштолгон. Мындан сырткары прокурор үйдөгү зомбулук боюнча келтирилген документтерди, далилдерди эске алган эмес.

"Докладда айыптоочу соттолуп жаткан аял берген көрсөтмөлөрдү бир нече ирет бөлгөн, жактоочуга жана айыпталуучуга көтөрүңкү тон менен сүйлөгөн. Сот буга аралашкан эмес, ал эми айыптап жаткан тарап одоно кадамдарга барган", — деп айтылган документте.

Сотто Пасанова күйөөсүн чапкандыгын мойнуна алып, бирок өзүн коргоо максатында жасагандыгын жана аффект абалда болгонун айткан. Сот аялды күнөөлүү деген бүтүм чыгарып, тогуз жылга эркинен ажыратып жана ири суммадагы айып салган.

"Клуни фонду Ош облустук сотун Гүлжан Пасанованын бузулган укуктары боюнча учурларды четтетип, ишти акыйкат карап, биринчи инстанцияда өкүмдү жокко чыгарууга чакырат. Жана аял кабылган үйдөгү зомбулук учурларын эске алууну айтат", — деп жазылган облустук сотко берилген консультативдик бүтүмдө.

Клунинин акыйкаттык фонду (Clooney Foundation for Justice) — Голливуд актёру Жорж Клуни жана анын аялы Амалдын аракети менен түптөлгөн. Ар кыл өлкөлөрдө адам укугу бузулган учурларды талашып-тартышуу жолу менен адилеттүүлүккө жетүү максатын көздөйт.

Гүлжан Пасанованын кылмыш иши боюнча жүргүзүлгөн процесске байкоону алар Америкалык юристтердин ассоциациясынын адам укугу боюнча борбору (American Bar Association) менен биргелешип жүргүзгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0