00:24 10 Теке 2020
Түз эфир
  • USD77.7979
  • EUR88.1334
  • RUB1.0976
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1820)
286 0 0

Бишкектеги Республикалык инфекциялык клиникалык ооруканасында дарыланып жаткан 55 жаштагы эркекте өнөкөт гепатохолецистит жана боордун дистрафия оорулары болгон.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Республикалык штаб акыркы суткада коронавирус жугуп көз жумган эки бейтаптын башка кандай дарты бар экенин айтты.

Буга чейин бир суткада коронавирус табылган эки бейтаптын өтүп кеткени айтылган. Анын бири Нарын облусунда жашаган 84 жаштагы кемпир, экинчиси Бишкектен, 55 жаштагы киши. 

"Бишкектеги Республикалык инфекциялык клиникалык ооруканасында дарыланып жаткан 55 жаштагы эркекте өнөкөт гепатохолецистит жана боордун дистрафия оорулары болгон. Ошондой эле ага эки тараптуу пневмониянын оор өтүшү, дем алуунун жетишсиздиги, курч кармаган дем алуу дистресс синдрому деген диагноздор коюлган. Абалы начарлагандыгына байланыштуу 2-майда реанимация бөлүмүнө которулган болчу. Ал эми Нарында көз жумган 84 жаштагы аял буга чейин бөйрөгүнөн операция болгон. Ага пневмония, дем алуунун үчүнчү даражадагы жетишсиздиги диагнозу коюлган",— деп айтылат маалыматта.

Эки бейтап тең дарыгерлердин дарылоо аракетине карабай каза болгон.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 1111ге жетип, анын ичинен 745и айыгып чыкты. Тилекке каршы, 14 бейтап каза болуп калды.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагына карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1820)

Тема боюнча

Бишкек менен Нарында коронавирус жуктурган эки бейтап каза болду
Депутат Жолдошбаев: коронавирус менен контрабанда бир тууган экен
Көбү Нарында. Кыргызстанда бүгүн 29 кишиден коронавирус чыкты
Белгилер:
бейтап, өнөкөт оору, коронавирус, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ