Абылгазиев: башкача буруп жиберишкен. Милиция менен күч түзүмдөрү компенсация алат

© Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы Абылгазиев анын "кээ бир милиционерлер кошумча акыдан баш тартууда" деген сөзү башка нукка бурулуп кеткенин айткан.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Өзгөчө абал режими учурунда кызмат өтөгөн укук коргоо органдарынын жана тиешелүү күч түзүмдөрүнүн аскерлерине компенсация төлөнөт. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ЖКнын укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин отурумунда билдирди.

Ал депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып буга чейин парламенттин жыйынында "кээ бир милиционерлер кошумча акыдан баш тартууда" деп айткан сөзү туура эмес нукка бурулуп кеткенин белгиледи.

"Тийиштүү мыйзам, өкмөттүн чечимдери бар жана биз аларды аткарабыз. Бул маселе боюнча көйгөй жок. Акча бар", — деди өкмөт башчы.

Ошондой эле Абылгазиев пенсия, айлык акы, жөлөк пул жана башка социалдык төлөмдөрдү берүү боюнча маселе жок экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0