Бишкекте иштебей турган кафеден өрт чыкты. Видео

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүӨрт өчүрүү кызматкерлери. Архив
Өрт өчүрүү кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өрт өчүрүүгө саат 10.17де эки унаа жөнөп кеткен. Ал эми 10.38де чектөөгө алынган. Коңшуларынын жана күбөлөрдүн айтымында, кафе иштебей турган.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Бишкектеги Жибек Жолу проспекти менен Панфилов көчөсүнүн кесилишиндеги кафеден өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, өрт өчүрүүгө саат 10.17де эки унаа жөнөп кеткен. Ал эми 10.38де чектөөгө алынган.

"Кызматкерлердин аракети менен өрт жакын жайгашкан турак жайларга жайылган жок. Алдын ала маалыматтарга ылайык, тутануунун масштабы 250 чарчы метрди түзөт. Кафе тез күйүүчү материалдардан курулганы белгилүү болду. Коңшуларынын жана күбөлөрдүн айтымында, кафе иштебей турган", — деп билдирди ӨКМ.

Кырсыктын видеосу Instagram тармагындагы Oppa баракчасына жүктөлдү.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Oppa (@oppa_kg)

ӨКМ кырсыктан көз жумгандар жана жабыркагандар жок экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0