Бишкекте үч автоунаа кагышты. Жеринен тартылган видео

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүШаардагы унаалар кечки убакытта. Архив
Шаардагы унаалар кечки убакытта. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык борбор калаада кечки саат 19:30дар чамасында болгон. Анда Honda CRV, Honda Fit жана Suzuki Liana үлгүсүндөгү үч автоунаа кагышкан.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Бүгүн, 6-майда, борбор калаанын Бакаев (мурдагы Чапаев) жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде үч автоунаа кагышты. Кырсыктын видеосу "Короче" Telegram-каналына жарыяланды.

Автокырсык болжол менен кечки саат 19:30дарда болгон. Видеодо көрүнүп тургандай Honda CRV, Honda Fit жана Suzuki Liana үлгүсүндөгү үч унаа кагышкан. Кырсыктан эч ким жабыркаган эмес.

Укук коргоо органдары кырсыктын болгонун тастыктап, жабыркагандар жок экенин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0