Төртөө ооруканада жатат. Бишкек — Кара-Балта жолунда үрөй учурган кырсыктын чоо-жайы

© Фото / Pixabay/ Pixel-mixerЖол кырсыгынан жабыркаган унаа. Архив
Жол кырсыгынан жабыркаган унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсыктан кийин жеңил автоунаанын 33 жаштагы айдоочусу жана үч жүргүнчү Москва райондук ооруканасына жеткирилген.

БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Чүй облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматы Москва районунун Александровка айылында болгон жол кырсыктын чоо-жайын айтты.

Билдирмеге караганда, окуя бүгүн, 4-майда, саат 12.00 чамасында болгон.

“Бишкек — Ош жолунда ГАЗ-53 автоунаасын 24 жаштагы айдоочу чыгыштан батышты көздөй айдап бара жаткан. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал каршы тилкеге чыгып Daewoo Nubira үлгүсүндөгү машина менен кагышкан”, — деп айтылат маалыматта.

Банктын имаратын сүзгөн 32 жаштагы айдоочунун Subaru автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Комендатура: кечээ түнү банкты сүзгөн автонун айдоочусу мас болгон
Кырсыктан кийин жеңил автоунаанын 33 жаштагы айдоочусу жана үч жүргүнчү Москва райондук ооруканасына жеткирилген.

Жеринде ыкчам тергөө тобу иштеп жатат, бардык материалдар Москва РИИБдин тергөө кызматына өткөрүп берилди.

Буга чейин социалдык тармакка ушул кырсыктан кийин тартылган видео жарыяланган. Кадрдан жеңил машина жалпайып, такыр жараксыз болуп калганын, жүк ташуучу автоунаа капталынан жатканын көрүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0