Жалал-Абадда 37 тонна мунай уурдоого шектелген эки киши үй камагына чыгарылды

© Sputnik / Табылды КадырбековГСБЭП опровергла препятствование спецслужбам при задержании
ГСБЭП опровергла препятствование спецслужбам при задержании - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чечим кабыл алууда кылмыштын даражасы, шектүүлөрдүн үй-бүлѳлүк абалы, жашы жете элек балдары жана карыган ата-энелери бар экени, үй-бүлѳсүнүн жалгыз багуучусу экени эске алынган.

ОШ, 2-май — Sputnik. Ноокен районунун аймагында мунай уурдоого шектелип убактылуу жайга киргизилген эки тургунду сот үй камагына чыгарды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук сотунун маалымат кызматы билдирди.

Эске сала кетсек, 2020-жылдын 16-апрель күнү Ноокен райондук милициясынын кызматкерлери "Кыргыз нефтегаз" ишканасынын коопсуздук кызматы менен биргеликте Бүргөндү айыл аймагынын З.Н. аттуу тургунунун короосунан 7 тонна мунайзат табышкан.

"Жалал-Абад шаарындагы мунайды кайра иштетүүчү заводдун лабораториясы табылган мунайзат жер алдынан алынгандыгын, курамында 87 пайыз мунай, 13 пайыз суу бар экенин аныктап, корутунду чыгарып берген. Кылмыш жана жаза кодексинин 200-беренесинин 2-бөлүмү менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Шектүү катары кармалган жаран 24-апрель күнү 48 саатка камакка алынган болчу.

Мындан сырткары, мунай уурдоого шектүү катары Кочкор-Ата шаарынын Ю.А. аттуу жашоочусу көрсөтмө берген. Ага ылайык, Ноокен районунун Момбеков айыл өкмөтүндөгү Тоскоол-Ата токой чарбасынын №6 жайытындагы "Кыргыз нефтегаз" ишканасынын №82 объектисинен Т.К. аттуу тургун желим идиштерге куюп уурдап жүргөн. Уурдалган майды бир тууган инисинин үйүнүн короосуна сактап жүргөнү аныкталган. Аталган короодон күйүүчү май ташуучу 30 тонналык цистернасы менен DAF үлгүсүндөгү автоунаа табылган. 30 тонналык күйүүчү май ташуучу автоунаалардын беш даана чиркегичи чыккан. Алардын ар биринин ичин карап текшерип чыкканда, болжол менен жалпысынан 30 тонна мунайзат бар экендиги аныкталган.

Кража 37 тонн топлива в Ноокенском районе - Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абадда 37 тонна мунай уурдоого шектелип төрт жаран кармалды. Сүрөт
Шектүү катары Жаза процессуалдык кодекстин 98-беренесинин негизинде аталган жарандар камакка алынган.

Ноокен райондук соту 2020-жылдын 26-апрелиндеги токтому эки шектүүнү эки айга камакка алуу чечимин чыгарган. Бирок алар Жалал-Абад облустук сотуна апелляциялык арыз менен кайрылышкан.

Аталган соттун 2020-жылдын 30-апрелиндеги аныктамасы менен Ноокен райондук сотунун 26-апрелдеги токтому ѳзгѳртүлүп, үй камагына алуу өкүмү чыккан. Мында кылмыштын даражасы, шектүүлөрдүн үй-бүлѳлүк абалы, жашы жете элек балдары жана карыган ата-энелери бар экени, үй-бүлѳсүнүн жалгыз багуучусу экени эске алынган. Мындан тышкары маалыматта аларга берилген мүнөздөмө жана тергөөгө тоскоолдук жаратпаганы, жашырынбаганына да көңүл бурулганы айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0