Өлкөдөгү коронавирус: 11 бейтаптын абалы оорлоп, бешөө жандандыруу бөлүмүндө

© REUTERS / MAXIM SHEMETOV Ситуация в Москве из-за пандемии коронавируса
 Ситуация в Москве из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө аймагы боюнча COVID-19 аныкталган 756 учур катталса, анын жарымынан көбү айыкты. Ал эми калган бейтаптар өзүн кандай сезип жатканы айтылды.

БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Ушул тапта республиканын бардык ооруканаларында коронавиурс жуктурган 244 бейтап дарыланып жатканын Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Дарыгер бейтаптын анализдерин коронавируска алып жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
COVID-19: медиктер 114 калктуу конуштун тургундарын текшерип чыгат
Анын айтымында, 11 кишинин абалы оор, анын бешөө жандандыруу бөлүмүндө. Ошондой эле 41 кишинин абалы салыштырмалуу оор. Ал эми 192 кишинин абалы канааттандырарлык деп бааланууда.

Мындан тышкары, бир сутка ичинде 42 адам айыгып чыкса, дагы 10 киши вируска кабылды.

Өлкө аймагы боюнча COVID-19 аныкталган 756 учур катталып, анын 504ү айыгып чыкты. Вирус сегиз кишинин өмүрүн алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0