Чүйдө 24 жаштагы жигит автоунаасы менен Боз-Бөлтөк тоосунан кулап көз жумду

© Sputnik / Антон Подгайко / Медиабанкка өтүүРегионы России. Кабардино-Балкария
Регионы России. Кабардино-Балкария - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя 28-апрель күнү кечки саат 22:00дө болгон. Каза болгон жаран Байтик айылындагы Боз-Бөлтөк тоосунан кырсыктаган.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Чүйдө 24 жаштагы айдоочу автоунаасы менен Боз-Бөлтөк тоосунун чокусунан кулап, көз жумду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, окуя 28-апрель күнү кечки саат 22:00дө болгон.

"Байтик айылындагы Боз-Бөлтөк тоосунун чокусунан Toyota Prado үлгүсүндөгү автоунаанын 24 жаштагы айдоочусу унаасы менен кошо коктуга кулаган. Жерине ӨКМдин куткаруучулары барып, айдоочуну Тез жардам кызматына өткөрүп берген", — деп айтылат билдирүүдө.

Бирок жабыркаган жаран ооруканага жетпей мерт болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0