Баткенде жер титиреп, күчү 4 баллга жетти

© Sputnik / Эмиль СадыровГород Баткен. Баткенская область
Город Баткен. Баткенская область - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Облустун жети айылында жер титирегени сезилген. Бактыга жараша, мындан жабыркагандар жана кыйроолор жок.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Баткен облусунда 28-апрель күнү саат 17:45те күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул туурасында ӨКМ Сейсмология институтуна таянып билдирди.

Жер титирөө Баткен районунун Бужум, Кызыл-Жол, Боз-Адыр, Кызыл-Бел, Достук айылдарында 4 балл, ал эми Көчө-Карын, Кара-Булак, Көк-Таш айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Мындан жабыркагандар жана кыйроолор жок экени айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0