23:37 01 Кулжа 2020
Түз эфир
  • USD73.4927
  • EUR81.8635
  • RUB1.0542
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1471)
233 0 0

Үч жаш бала сууга агып кетип, бирөөнү куткарып калууга жетишишкен. Тилекке каршы, экөөнүн сөөгү табылган.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Карантин маалында Жалал-Абадда жашы жете элек тогуз бала ар кандай кырсыкка кабылды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендант Жеңиш Жоробеков брифинг учурунда билдирди.

Кырдаалга байланыштуу комендант ата-энелерге кайрылып, балдарды кароосуз калтырбоого чакырды.

“Ар убак үй-бүлөңүздөр менен мүмкүн болушунча үйдө отуруңуздар деп айтып жатабыз. Өкүнүчтүүсү, ага карабай “ата-эненин кайдыгерлиги баланын көз жашы” дегендей болуп, 25-марттан ушул күнгө чейин жашы жете элек балдар арасында 9 кырсык катталды. Анын ичинен үч жаш бала сууга агып кетип, бирөөнү куткарып калышкан. Тилекке каршы, экөөнүн сөөгү табылды. Ата-энелерге кайрыларым, ушул күндөрү тарбия иштерине көбүрөөк көңүл буруп, дистанттык окууларына каралашып, балдарыңыздарга баш болсоңуздар”, — деди комендант.

Мындан сырткары ал өзгөчө абал режими киргенден бери облуста 61 үй-бүлөлүк зомбулук катталганын белгиледи.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда COVID-19 жуктуруп алгандардын саны 708ге жетип, анын жарымынан көбү, 416сы айыкты. Тилекке каршы, вирус сегиз кишинин өмүрүн алды.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik Кыргызстан редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1471)

Тема боюнча

Таласта сууга агып кеткен 6 жашар баланын сөөгүн айылдаштары тапты
Ошто 8 жашар бала канал суусуна агып кетти
Белгилер:
өзгөчө абал, ата-эне, кайрылуу, комендант, Жалал-Абад

ЭҢ МААНИЛҮҮ