Жол кырсыктан экиге бөлүнүп кеткен унаанын ичиндегилер аман калды. Чүйдөгү видео

© Фото / пресс-службы УМВД по Псковской областиЧетыре человека погибли под Псковом в результате лобового столкновения
Четыре человека погибли под Псковом в результате лобового столкновения - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айдоочу жана жүргүнчү ооруканага жеткирилип, оор жаракат албаганы белгилүү болгон. Алардын ким экендиги аныкталып жатат.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Ивановка айылында унаа жол кырсыгынан кийин экиге бөлүнүп кетти. Бул тууралуу Чүй облусунун жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Видео "Короче" аталышындагы Телеграм-каналга жүктөлдү.

Жол кырсыгы бүгүн, 25-апрелде, болжол менен саат 17:00дө болгон.

"Айдоочу чыгыштан батышты көздөй бараткан. Ал унаасын Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 36-чакырымында башкара албай, оодарылып кеткен", — деп айтылат маалыматта.

Айдоочу жана жүргүнчү ооруканага жеткирилип, оор жаракат албаганы белгилүү болгон. Алардын ким экендиги аныкталып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0