Каракол: балдарын бага албай калган аял өмүрүн кыюуга аракеттенген

© Sputnik / Табылды КадырбековВопрос профессионалу: что делать, если готов взорваться?
Вопрос профессионалу: что делать, если готов взорваться? - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көлдүк аял өзгөчө кырдаал режими киргенден бери жумушсуз калган. Өткөн жумада мэрия ага азык-түлүк жагынан жардам берген.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Каракол шаарында эки баланын энеси өз жанын кыйганга аракет кылган. Бул тууралуу аталган калаанын мэриясынан кабарлашты.

Ага ылайык, муниципалитетке маалымат ички иштер органдарынан түшкөн. Окуя апрель айынын башында болгон.

"Аялдын мындай кадамына балдарын бага албай калышы себеп болгон. Өткөн жуманын башында мэрия тарабынан аялга азык-түлүк берилди. Аял өзү биржада иштеген. Өзгөчө кырдаал режими киргенден бери ишсиз калган", — деп айтылат маалыматта.

Келиндин балдары 5-6-класстарда окуй турганы кошумчаланды.

Белгилей кетсек, коронавирус тарап жаткандыгына байланыштуу Кыргызстан боюнча жалпы өзгөчө кырдаал режими жарыяланып, кээ бир жерлерге өзгөчө абал киргизилген. Мындан улам дээрлик объектилерде иш токтогон.

Жаңылыктар түрмөгү
0