Бишкек: эки жашар кыз 8-кабаттан кулап кетип, чарчап калды

© AFP / MIGUEL RIOPAСлучаи падения с высотного дома детей
Случаи падения с высотного дома детей - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсыктын кандайча болгону учурда такталып жатат. Наристе кулап кеткен үй Исанов көчөсүндө жайгашкан.

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Бишкекте эки жаштагы кыз сегизинчи кабаттан кулап кетип, ошол жерден мерт болду. Бул тууралуу комендатуранын маалымат кызматынан билдиришти.

23-апрель күнү саат 18:30дар чамасында Биринчи Май райондук милициясына көп кабаттуу үйдөн наристе кулап кеткендиги тууралуу кабар түшкөн.

"Жерине дароо ыкчам иликтөө тобу барган. Алдын ала маалыматтарга карганда, 2018-жылы туулган кыз белгисиз себептерден улам 8-кабаттан кулап кеткен. Тез жардам кызматы наристенин өлүмүн каттоого алды”, — деп айтылат билдирүүдө.

Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Sputnik Кыргызстан ата-энелерден балдарын өзгөчө кылдаттык менен кароого чакырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0