Бүгүн Нарында жер титиреди

Жазылуу
Жер титирөө Нарын районунун беш айылында сезилген. Кырсыктан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Бүгүн, 23-апрелде, саат 14:37де Нарын облусунун аймагында очогунда күчү үч баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.

Маалыматка караганда, Нарын районунун Достук айылында 3 балл, Куланак, Жан-Булак айылдарында 2,5 балл, Ылайлы-Суу, Шоро айылдарында 2 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0