Ошто коронавирус жуктургандардын арасында кош бойлуу келин бар

© REUTERS / ISABEL INFANTESСитуация в Великобритани в связи с коронавирусом
Ситуация в Великобритани в связи с коронавирусом - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирус жуктуруп алган кош бойлуу аял "Кардио Азия" ооруканасында жатат. Ал кош бойлуулуктун 37-жумасында.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган бейтаптардын арасында кош бойлуу келин бар. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда билдирди.

Брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басарына көрүүчүлөрдүн бири "Кардио Азия" ооруканасында коронавирус жуктурган кош бойлуу аял жатканын билем. Толгоосу башталса, аны кайдан төрөтүшөт?" деген суроо берген.

Каратаев бул маалымат боюнча кабардар экенин айткан.

"Коронавирус жуктуруп алган кош бойлуу аял "Кардио Азия" ооруканасында жатат. 37 жума болуптур. Төрөтү башталганда перинаталдык борбордун обсервация бөлүмүнө которобуз", — деди Каратаев.

Ал коронавируска шектелген кош бойлуу аялдар үчүн Бишкек жана Ош шаарларында эки обсервация бөлүмү даярдалганын кошумчалды.

Капельница даярдап жаткан медайым. Архив - Sputnik Кыргызстан
Министрлик: коронавируска кабылгандарды 3 препарат менен дарылап жатабыз
"Бишкек шаарында №2 төрөт үйү, ал эми Ошто шаардык перинаталдык борбордо 30 орундук бөлүм даяр. Дарыгерлер атайын окуудан өтүштү", — деди Каратаев.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 298ге жетти. Анын бешөө көз жуумп, 39у айыгып чыкты. Бейтаптардын арасында 39 медицина кызматкери коронавирус менен алпурушууда.

Учурда өлкөдө абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0