10 унаа токтотулуп, 91 киши кармалды. КР боюнча коменданттык саатты бузгандар

© AFP / Marvin RECINOSСуд над бывшим президентом Сальвадора Элиаса Антонио Саки
Суд над бывшим президентом Сальвадора Элиаса Антонио Саки - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ИИМ жарандарды өзгөчө абал менен коменданттык сааттын талаптарын так аткарууга чакырып, тартип бузуунун аркасында мыйзам чегинде жоопкерчилик бар экендигин эске салды.

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Кечээ күнү кечки саат 8:00дөн тарта бүгүн саат 7:00гө чейин Кыргызстандын өзгөчө абал киргизилген аймактарында коменданттык саат режимин бузган 91 киши кармалды. Ал эми 10 унаа атайын токтотмо жайга киргизилгенин ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Айдоочуларын документтерин текшерип жаткан ИИМ кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан
Өзгөчө абал учурунда иштеген милиционерлер дагы кошумча айлык алат
Маалыматка ылайык, коменданттык сааттын эрежесин Бишкек шаарында 61, Ош шаарында 6, Жалал-Абад шаарында 3, Сузак районунда 21 адам сактаган эмес. Ал эми Кара-Суу менен Ноокат районунда коменданттык сааттын талаптарын бузгандар болгон жок.

Адаттагыдай эле кармалгандар ички иштер органдарынын аймактык бөлүмүнө жеткирилген. Эреже, тартипти сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, коменданттык саат аяктагандан соң үйлөрүнө коё берилген.

ИИМ жарандарды өзгөчө абал менен коменданттык сааттын талаптарын так аткарууга чакырды.

"Өлкөбүздүн, өзүбүздүн коопсуздугубуз ар бирибиздин колубузда экендигин эске алуу менен бекем тартипти сактоого чакырабыз. Обсервациянын жана үй карантиндин шарттарын кынтыксыз сактоого милдеттүү экендигибизди унутпайлы. Тартип бузуунун аркасында мыйзам чегинде жоопкерчилик деген бар. Ошондой эле социалдык тармактар аркылуу жалган маалыматтарды таратпоого чакырабыз", — деп айтылат маалыматта.

Жалпысынан Кыргызстанга өзгөчө абал киргизилгенден, тагыраагы, 25-марттан тарта коменданттык саат эрежесин бузган 2192 адам кармалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0