Жалал-Абад ОИИБ: милиционер окуучу кызды зордуктоого аракет кылган эмес

Жазылуу
Бүгүн жергиликтүү ЖМКларга милиция кызматкери жашы жете элек кызды зордуктоого аракет кылды деген кабар чыккан.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Кара-Көл шаарында жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын инспектору пара талап кылуу фактысы менен кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат катчысы Нурдин Жээнтаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн жергиликтүү ЖМКларга милиция кызматкери жашы жете элек кызды зордуктоого аракет кылды деген кабар чыккан

Милициядан билдиришкендей, бул маалымат чындыкка туура келбейт.

“3-апрелде Финансы полициясы жана ИИМдин ички иликтөөлөр кызматы Кара-Көл шаардык милициясынын жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын инспектору, кенже лейтенант А.Б. 5 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган”, — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле Жээнтаев Кара-Көл шаарында коменданттык саат киргизилбегенин, милиционер түн ичинде көчөдө жүргөн окуучу кызды кармаганын кошумчалады.

"Кызматкер сенин түн ичиндеги жүрүш-турушуңду интернетке чыгарам деп коркутуу менен акча талап кылгандыгы алгачкы тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө такталды. Шектүүгө карата "Пара талап кылуу" беренеси менен кылмыш иши козголуп, иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат. Бирок анын жашы жете элек кызды зордуктоого аракет кылды деген маалымат жалган”, — деди Жээнтаев.

6-апрель күнү Жалал-Абад облустук соту тарабынан шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып, үй камагына чыгарылган.

Урушта киши колу менен бетин жаап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ошто судья мас абалында милицияга кол көтөргөнү айтылып, иш козголду
Азыркы учурда опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча сотко чейинки иликтөөнү Финансы полициясы жүргүзүп жатат.

Ал эми ИИМдин Ички иликтөө кызматы ички иштер органдарынын катарынан кызматтык кызыкчылыктарды саткандардан, паракорлордон, мыйзамды бузгандардан, коомчулуктун алдында милиция кызматкерлеринин кадыр-баркына көө жапкандарды тазалоого багытталган иштерди улантып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0