Жалал-Абадда 4 баланын энеси күйөөсүн өлтүрдү деп шектелүүдө

© Sputnik / Табылды КадырбековКыз колунда бычак менен. Иллюстративдүү сүрөт
Кыз колунда бычак менен. Иллюстративдүү сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган факты Ноокен райондук милициясы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 47 жаштагы аял жолдошуна бычак сайып, жабырлануучу каза болду. Бул маалыматты облустук милиция тастыктады.

Маалыматка ылайык, окуя 31-март күнү саат 15:00дөр чамасында болгон.

“Жубайлардын ортосунда чыр чыгып, аялы тамак жасап жаткан ашкана бычагы менен жолдошунун көкүрөгүнө сайып жиберген. Жабырлануучу ооруканага жетпей көз жумду”, — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Аталган факты Ноокен райондук милициясы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Шектүү катары кармалган аял камакка алынды.

Жубайлардын ортосунда төрт баласы бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0