13:38 09 Теке 2020
Түз эфир
  • USD78.0266
  • EUR88.0062
  • RUB1.0953
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
32010

Өрт саат 20:20да чектөөгө алынып, саат 00:56да толук өчүрүлгөн. Тилсиз жоо менен кармашууга 5 өрт өчүрүүчү бригада тартылган.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Ош шаарында турак үй толугу менен күйүп кетти. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

  • Последействия пожара в жилом доме в городе Ош
    Ош шаарында турак үй толугу менен күйүп кетти
    © Фото / пресс-служба МЧС КР
  • Последействия пожара в жилом доме в городе Ош
    Кечээ, 7-апрель күнү, саат 19:3дар чамасында Репин көчөсүндө жайгашкан №22 турак үйдөн өрт чыккан
    © Фото / пресс-служба МЧС КР
  • Последействия пожара в жилом доме в городе Ош
    Анын кесепетинен жалпы аянты 250 чарчы метр болгон үй толугу менен күйгөн.
    © Фото / пресс-служба МЧС КР
1 / 3
© Фото / пресс-служба МЧС КР
Ош шаарында турак үй толугу менен күйүп кетти

Билдирүүгө ылайык, кечээ, 7-апрель күнү, саат 19:30дар чамасында Репин көчөсүндө жайгашкан №22 турак үйдөн өрт чыккан. Анын кесепетинен жалпы аянты 250 чарчы метр болгон үй толугу менен күйгөн.

Тилсиз жоо менен кармашууга 5 өрт өчүрүүчү бригада тартылган. Жабыркагандар жана каза болгондор жок.

Өрт саат 20:20да чектөөгө алынып, саат 00:56да толук өчүрүлгөн. Учурда келтирилген материалдык чыгымдар жана өрттүн себеби такталууда.

Тема боюнча

Газга ууланган. Москвада курулушта каза болгон КР жаранынын ким экени такталды
ӨКМ: үч айда былтыркыга салыштырмалуу өрттүн саны 22 пайызга азайды
Белгилер:
турак үй, өрт, Ош

ЭҢ МААНИЛҮҮ