Жети-Өгүздө 10 күндөн бери изделип жаткан 17 жаштагы баланын сөөгү табылды

Жазылуу
Өспүрүм 27-мартка караган түндөн бери дайынсыз болчу. Арыз үч күндөн кийин, башкача айтканда, 30-мартта жазылган.

КАРАКОЛ, 5-апр. — Sputnik. Жети-Өгүздө 10 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 17 жаштагы баланын сөөгүн ӨКМ кызматкерлери таап чыкты. Бул тууралуу аталган районго караган Боз-Бешик айылынын башчысы билдирди.

Маалыматта бала 27-мартка караган түндөн бери изделип жатканы айтылат. Ата-энеси укук коргоо органдарына 30-март күнү арыз жазып, издөө иштери башталган.

"Бүгүн саат 17.15те ӨКМдин куткаруучулары баланын сөөгүн көлдөн алып чыгышты. Күч органдарына өткөрүп берилип, соттук-медициналык экспертиза дайындалды", — деди айыл башчы.

Анын айтымында, бала алты бир туугандын улуусу болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0