Россия: урап калган подъезддин алдынан эки адамдын сөөгү табылды

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүВзрыв газа в жилом доме в Орехово-Зуево
Взрыв газа в жилом доме в Орехово-Зуево - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя Гагарин көчөсүндөгү №31 үйдө болгон. Маалыматка караганда, үчүнчү кабаттагы батирден газ колонкасы жарылып кеткен.

БИШКЕК, 4-апр. – Sputnik. Орехово-Зуево шаарында беш кабаттуу үйдүн подъездинин урандыларынын алдынан эки адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу РИА Новости аймактык Өзгөчө кырдаал кызматына шилтеме берип жазды.

Акыркы маалыматтар боюнча, кырсыктан сегиз адам жабыркаган.

Бүгүн, 4-апрелде, Москванын четиндеги Орехово-Зуево шаарындагы беш кабаттуу үйдөн газ колонкасы жарылып, подъезд урап калган. Интернетке жеринен тартылган видео дагы жарыяланган

Учурда тергөө амалдары уланып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0