Облустук штаб: дарыгерлер сактануу формасын кийсе да вирус жугузуп алышты

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүОткрытие стационара НМХЦ им. Пирогова, перепрофилированного для приема пациентов с коронавирусной инфекцией
Открытие стационара НМХЦ им. Пирогова, перепрофилированного для приема пациентов с коронавирусной инфекцией - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Облустук штабдын жетекчисинин орун басары учурда дарыгерлер менен байланышта болгон биринчи категориядагы башка кызматкерлер да текшерилип жаткандыгын кошумчалады.

БИШКЕК, 4-апр. – Sputnik. Жети медициналык кызматкерге, мыкты шарттар түзүлүп иштегенине карабай, коронавирус жугуп калганына кабыргабыз кайышып турат. Алар оорулууларга коргонуучу атайын каражат менен кирип жаткан. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук медициналык штабдын жетекчисинин орун басары Урмат Боржиев түз эфир учурунда билдирди.

Эскерте кетсек, бүгүн Кыргызстан боюнча тогуз дарыгердин COVID-19 вирусун жуктуруп алганы маалым болду. Алардын жетөө Жалал-Абад облусунда, бирөө Бишкек, дагы бирөө Ош шаарында эмгектенгендер.

"Жети дарыгерден коронавирус чыгып калганына кабыргабыз кайышып турат. Кызматкерлер жеке сактануу боюнча каражаттарды кийип алып иштешкен, бирок ага карабай жугузуп алышты. Бул укмуштуудай зыянкеч вирус экен. Окуя боюнча атайын комиссия бар, көрүп, тактап, тиешелүү жетекчилер жообун берет", - деди Боржиев угармандан келген суроого жооп берип жатып.

Ал дарыгерлер менен байланышта болгон башка кызматкерлер да текшерилип жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0