09:42 08 Баш оона 2020
Түз эфир
  • USD77.0500
  • EUR91.1694
  • RUB1.0463
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (1219)
253600

Кыргызстанда дагы 14 адамдан коронавирус табылды. Бейтаптардын арасында тогуз дарыгер бар. Ушуну менен ооругандардын саны 144кө жетти.

БИШКЕК, 4-апр. – Sputnik. Кыргызстанда 9 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин ыкчам штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов брифинг учурунда билдирди.

"Тилекке каршы, коронавирус жуктуруп алгандардын арасында медицина кызматкерлери да бар. Кечээ алар 8 болчу, бүгүн дагы бирөө кошулуп, тогузга жетти. Алардын баары коронавирус алып жүрүүчүлөр", - деди Мамбетов.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда 144 адам коронавирус жуктурганы аныкталды. Анын ичинен алтоо айыгып чыккан. Тилекке каршы, вируска кабылган Ноокат районунун 61 жаштагы тургуну 2-апрелде көз жумду. Бул өлкө ичинде катталган алгачкы учур.
Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда саат 20:00дөн 7.00гө чейин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Күндүзү ооруканага, дарыканага жана дүкөнгө гана барууга уруксат берилген.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.

Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (1219)

Тема боюнча

Кыргызстанда дагы 14 адамдан вирус табылып, бейтаптардын саны 144кө жетти
Коронавируска байланыштуу Кыргызстанда ишке кирген сайттардын тизмеси

ЭҢ МААНИЛҮҮ