Кыргызстанда дагы 14 адамдан вирус табылып, бейтаптардын саны 144кө жетти

© Sputnik / Павел Кононов / Медиабанкка өтүүЛаборатория для тестирования на коронавирус в Архангельской области
Лаборатория для тестирования на коронавирус в Архангельской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда дагы 14 адамдан коронавирус табылды. Ушуну менен бейтаптардын жалпы саны 144кө жетти. Алардын ичинен алтоо айыкты.

БИШКЕК, 4-апр. – Sputnik. Кыргызстандын аймагында 4-апрель саат 10:00гө карата дагы 14 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарынан бир, Ош шаарынан эки, Ош облусунан беш жана Жалал-Абад облусунан алты учур катталган.

14 кишинин ичинен бешөө чет өлкөдөн келген жарандар, тогузу Кыргызстандын ичинде жүрүп жуктуруп алган. 

Коронавирустун кесепети

Кечөөкү маалымат боюнча Кыргызстанда 130 адам коронавирус жуктурганы аныкталган. Анын ичинен алтоо айыгып чыккан. Тилекке каршы, вируска кабылган Ноокат районунун 61 жаштагы тургуну 2-апрелде көз жумду.  Бул өлкө ичинде катталган алгачкы учур.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда саат 20:00дөн 7.00гө чейин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Күндүзү ооруканага, дарыканага жана дүкөнгө гана барууга уруксат берилген.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0