Асманды каптаган кара түтүн. Берлиндеги ири өрттүн видеосу

© Sputnik / Табылды Кадырбековөрт өчүрүү кызматынын ишкерлери жумуш учурунда. Архив
өрт өчүрүү кызматынын ишкерлери жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Берлиндин өрт өчүрүү кызматы өрт көп кабаттуу үйдүн чатырынан чыкканын кабарлады. Жалыны катар турган беш турак жайга жабышкан.

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Берлиндин түндүк-чыгышында турак үйдөн ири өрт чыгып, андан чыккан кара түтүн бүт районду каптады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Күбөлөр соцтармакка Хоэншенхаузен районундагы көп кабаттуу үйлөр тараптан чыгып жаткан кара түтүндүн видеосун жарыялашкан.

​Берлиндин өрт өчүрүү кызматы өрт көп кабаттуу үйдүн чатырынан чыкканын кабарлады. Жалыны катар турган беш турак жайга жабышкан. Маалыматтар боюнча 1200 чарчы метр жер өрттөнгөн. Кырсык болгон жерде 120 өрт кызматкери иштөөдө.

Кырсыктан эч ким жабыркаган эмес. Бир өрт өчүрүүчү жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Күбөлөрдүн айтымында, кара түтүн бир топ чакырым алыстыктан көрүнөт. Каза болгондор тууралуу азырынча эч нерсе айтыла элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0