Бишкекте эркин жүрүүгө уруксат кагазын саткан милиционер кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектин милиция кызматкери иш учурунда. Архив
Бишкектин милиция кызматкери иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда тергөө башталып, мыйзам бузууга жол берген жетекчисине карата дагы кызматтык иликтөө жүрүп жатат.

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Борбор калаанын Октябрь райондук милициясынын кызматкери шаарда эркин жүрүүгө уруксат кагазын берүү үчүн пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул туурасында Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев брифинг учурунда билдирди.

Учурда бул факты боюнча териштирүү башталды. Ошондой эле мындай мыйзам бузууга жол берген жетекчисине карата дагы кызматтык иликтөө жүрүп жатат.

"Дагы бир жолу расмий түрдө айтып коёюн, Бишкек шаарынын комендатурасы бардык кызматкерлерди мыйзам бузбоого чакырат. Эгер жагымсыз жагдайлар аныкталса, аларды катарыбыздан чыгарып, тартипти орнотобуз", — деди Орозалиев.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарына 25-марттан тарта өзгөчө абал жарыяланып, коменданттык саат киргизилген. Буга байланыштуу күндүз шаарда эркин жүрүү үчүн тиешелүү кызматкерлерге райондук миилиция тарабынан уруксат кагазы берилип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0