Бишкекте коменданттык саатты бузган 193 адам кармалып, милицияга жеткирилди

© Sputnik / Табылды КадырбековМитинг сотрудников госцирка в центре Бишкека
Митинг сотрудников госцирка в центре Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Калааны 70тен ашык милиционер кайтарып, Бишкектин комендатурасына 200гө чукул телефон чалуу келип түшкөн.

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. 26-мартка караган түнү Бишкекте коменданттык саатты бузган 193 адам кармалды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Эске салсак, 25-марттан тарта Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына өзгөчө абал режими жарыяланган. Ага ылайык, Бишкек шаарында коменданттык саат уюштурулуп, кечки саат 20:00дөн таңкы саат 7:00гө чейин автоунаага да, адамдарга да көчөгө чыгууга тыюу салынган.

"Түндө коменданттык саатты бузган 193 адам кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына жеткирилди. Баарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү", —деп айтылат маалыматта.

Милиция кызматкери постто туруп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте көчөлөр эмнеге жабылды? Комендатура себебин айтты
Калааны 70тен ашык милиционер кайтарып, Бишкектин комендатурасына 200гө чукул телефон чалуу түшкөн.

Мэрия Бишкектин комендатурасынын чалуу борбору күнү-түнү иштей турганын эскертип, телефон номерлерин жарыялады. Алар: (0312) 660710, 660248, 662134.

Эске салсак, Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 44кө жетти.

Sputnik агенттиги өлкөдөгү кырдаал боюнча тексттик трансляция жүргүзүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0