Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы эки адам катталды

© REUTERS / FABRIZIO BENSCHСитуация в Боливии из-за распространения коронавируса
Ситуация в Боливии из-за распространения коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүнкү алынган маалымат боюнча, Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 44кө жетти.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Кыргызстанда коронавируска кабылган дагы эки учур катталды. Ушуну менен ооругандардын саны 44кө жетти. Бул туурасында Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди. 

Маалыматта биринчиси 60 жаштагы эркек киши экени айтылат, ал Бишкек шаарынын тургуну. Бейтап Испаниядан келген жаран менен байланышта болгон. Экинчиси дагы эркек киши, Дубайдан келген Чүй облусунун Москва районунун 35 жаштагы тургуну.

"Испаниядан келген жаран кайра Испанияга кетип алган. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна кабар берилди", — деди Акматова.

Бүгүнкү күндө өлкө боюнча Ош облусунда 20, Жалал-Абад облусунда 19, Бишкек шаарында үч, Чүй облусунда бир жана Баткен облусунда бир адам коронавирус менен күрөшүүдө. 

Коронавирус Кыргызстанда

Тартипти көзөмөлдөп жаткан ИИМ кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан
Өзгөчө абал: шаардыктарды түйшөлткөн 7 суроого жооп
Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 44кө жетти. Алардын арасында бир жашка чейинки бир ымыркай, 6 жаштагы бир жеткинчек жана 14 жаштагы өспүрүм бар. Ал эми Сузактын 71 жаштагы тургуну жандандыруу бөлүмүндө жатат.

25-мартта обсервацияда жаткан 2014 адамдын 1429у мөөнөтүнөн мурда үй карантинине чыгарылды
Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондоруна 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген.

Учурда өлкө аймагындагы кырдаал тууралуу Sputnik Кыргызстандын тексттик баяндамасынан кабардар болуп туруңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0