"Коронавирусту бийлик ойлоп тапкан" деген ушак тараткан адам кармалды

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүКамерадагы кармалган киши. Архив
Камерадагы кармалган киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
УКМК коронавирус боюнча ушактарды, фейк маалыматтарды тараткан адамдар КРдин мыйзамына ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертти.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. УКМК фейк маалымат тараткан дагы бир жаранды кармаганын кабарлады.

Билдирмеге ылайык, колго түшүрүлгөн адам 37 жашта, Ош облусуна караштуу Араван районунун Тепе-Коргон айылында төрөлгөн.

"Ал соцтармактар аркылуу "Коронавирусту бийликтегилер атайын ойлоп тапкан жана ага каршы вакцина бар экен, аны сайдырбагыла" деген жалган маалыматтарды тараткан. Кармалган киши жалган билдирүү таратканын мойнуна алып, элден кечирим сурады", — деп жазылат маалыматта.

Колго түшкөн кишинин аракетине юридикалык баа берилери айтылды.

УКМК коронавирус боюнча ушактарды, фейк маалыматтарды тараткан адамдар КРдин мыйзамына ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертти.

Жаңылыктар түрмөгү
0