Өзгөчө кырдаал жарыяланган Сузакта аскер адамдары жүрөт. Видео

© Sputnik / Табылды КадырбековСовместные командно-штабные и мобилизационные учения на территории ТЭЦ Бишкека
Совместные командно-штабные и мобилизационные учения на территории ТЭЦ Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн Сузакта коронавирус жуктуруп алгандар аныкталгандыгына байланыштуу өзгөчө кырдаал киргизилген болчу. Күбөлөр ал жакта эмне болуп жатканын айтып беришти.

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Сузак районуна аскер адамдары киргизилди. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү билдирип, видеосу Sputnik Кыргызстан агенттигинин Telegram-каналына жарыяланды.

Белгилей кетсек, Сузакта коронавирус жуктургандар аныкталгандыгына байланыштуу өзгөчө кырдаал киргизилген. Үч киши Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келген. Учурда алар Жалал-Абаддагы оорукананын инфекциялык бөлүмүндө.

Кадрлардан районго кирип бара жаткан жерден аскер кызматкерлерин көрүүгө болот.

ӨК режимине байланыштуу коомдук тартипти сактоо, өзгөчө маанилүү мамлекеттик жана стратегиялык объектилерди, ошондой эле калктын жашоо-турмушун камсыздаган объектилерди коргоо жана унаалардын ишин көзөмөлдөө күчөтүлгөн. Ошондой эле эл көп чогула турган объектилердин ишмердүүлүгү токтотулган.

Ал эми коменданттык саат киргизүү тууралуу азырынча айтыла элек.

Кыргызстанда учурда коронавируска байланыштуу абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан жана Телеграм-каналдан окуй аласыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0