Өмүрбекова: Кыргызстандан 1,9 млн. бет кап чыгарып кетүүгө аракеттенгендер кармалды

© Sputnik / Жоомарт УраимовПродажа медицинских масок в Бишкеке
Продажа медицинских масок в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вице-премьер сот иштери бүткөндөн кийин ал товарлар конфискацияланып, мамлекетке берилерин айтты. Учурда бул фактылар боюнча сотко чейинки тергөө иштери жүрүп жатат.

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Кыргызстандан 1,9 миллион даана медициналык бет кап чыгарып кетүүгө аракет кылган жарандар кармалды. Бул туурасында вице-премьер Алтынай Өмүрбекова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, учурда бул фактылар боюнча сотко чейинки тергөө иштери жүрүп жатат. Сот иштери бүткөндөн кийин ал товарлар конфискацияланып, мамлекетке берилерин кошумчалады.

Мындан сырткары, Өмүрбекова өлкөдө бет кап тиге турган эки ишкана ишке кирип жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0