Түркияда өспүрүм кызга асылган киши КРдин жогорку окуу жайынан табылды

© Sputnik / Табылды КадырбековСлучаи педофилии в Кыргызстане
Случаи педофилии в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектүү Түркиянын укук коргоо органдары тарабынан Интерпол аркылуу изделип жаткан. Анын 2018-жылдан бери Кыргызстандын аймагында жүргөнү аныкталды.

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Түркияда өсүпүрүм кызга асылган А.С. аттуу 36 жаштагы жаран Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын биринде кара жумушчу болуп иштеп жүргөн. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, шектүү Түркиянын укук коргоо органдары тарабынан Интерпол аркылуу изделип жаткан.

"Түркиянын жараны ИИМдин экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы кызматы тарабынан кармалды. Анын 2018-жылдан бери Кыргызстандын аймагында жүргөнү аныкталган. Шектүү соттун чечими менен бир айга убактылуу кармоочу жайга киргизилди", — деп айтылат маалыматта.

Учурда аны экстрадициялоо маселеси каралып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0