ИИМ: кыргызстандыктар менен бирге Европага героин ташыган чет элдиктер кармалды

© REUTERS / German Customs / HandoutСпецоперация по задержанию самой большой партии героина в Германии
Спецоперация по задержанию самой большой партии героина в Германии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үч өлкөнүн жарандарынан турган эл аралык кылмыштуу топ 2019-жылдын июнь айында герман-поляк чек арасы аркылуу 670 килограм баңгизат алып өтүп бара жатканда кармалган.

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Кыргызстандыктар менен биргеликте ири көлөмдө баңгизат ташуу боюнча эл аралык канал түзүп иштетип келген Түркиянын жана Нидерланд падышалыгынын жарандары кармалды. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Үч өлкөнүн жарандарынан турган эл аралык кылмыштуу топ 2019-жылдын июнь айында герман-поляк чек арасы аркылуу 670 килограм баңгизат алып өтүп бара жатканда кармалган. Эки кыргызстандыкты ИИМ колго түшүрүп, кийин дагы бирөөнө жана топтун чет элдик башка мүчөлөрүнө мамлекеттер аралык издөө жарыяланган.

"Аталган кылмыштуу топтун мүчөлөрү Ирандан Европа биримдигине Борбордук Азия мамлекеттери аркылуу транзит менен өзгөчө ири өлчөмдөгү героин ташуу каналын жөндөп алышкан. Жүргүзүлгөн иликтөөнүн натыйжасында топко тиешеси бар эки кыргызстандык кармалган", — деп айтылат билдирүүдө.

Открытие уголовного дела в КР - Sputnik Кыргызстан
Финпол азык-түлүктү кымбаттаткан ишкерлерге кылмыш ишин козгоду
Аларга карата КР Кылмыш жана жаза кодексинин 267 ("Сатуу максатын көздөп наркотикалык каражаттарды мыйзамсыз даярдоо"), 270 ("Бажы чек арасы аркылуу өткөрүүнүн атайын эрежелери орнотулган предметтердин контрабандасы"), 359 ("Документтерди жасалмалоо") жана 215-беренелери ("Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу") боюнча кылмыш иши козголгон.

ИИМдин маалыматына таянсак, ушул жылдын 2-мартында эл аралык издөө иштеринин негизинде кылмыштуу топтун лидери делген Түркиянын жараны жана эки активдүү мүчөсү өз өлкөсүнөн кармалды. Мындан сырткары, топтун нидерланддык мүчөлөрү дагы колго түшүрүлдү.

Иликтөө иштери уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0